Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Биринчи май районунун С.Джуманазаров атындагы  спорт мектебинин күзгү ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Мелдешке 2004-2005, 2006-2007 жана 2008-жылы туулган жана андан кичүү 189 спортчу катышты.

Спорттук иш-чаранын максаты  жеңил атлетиканы жайылтуу жана өнүктүрүү, балдарды жана өспүрүмдөрдү дайыма жеңил атлетикага тартуу жана ден соолукту чыңдоо.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.