Борбор шаардын жогорку окуу жайларында Ковид-19га каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү жөнүндө окутуучулар жамааты менен студенттердин арасында түшүндүрүү баарлашуусу башталды.

Биринчи май акимиаты, райондун БҮМБ, студенттер поликлиникасы жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети жана Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин алдындагы ден соолукту чыңдоо борбору менен биргеликте 400 кишиге "COVIDдин алдын алуу, COVID-19га каршы эмдөө  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Свердлов районунда Туризм академиясында 155 кишиге жолугушуу болуп өттү. Бардык билим берүү уюмдарында маектешүү суроо-жооп форматында өткөрүлөт, ошондой эле каалоочулар үчүн мобилдик топтордун иши уюштурулат. Райондогу 27 мектептин ичинен мугалимдер арасында эмдөөнүн 70% дан ашыгы 20 мектепте камсыздалды, алар "Жашыл аймак" белгисин алышты, бардык мектептердин эмделген кызматкерлеринин жалпы пайызы 78,4% ды түзөт. Свердлов районунун мектепке чейинки мекемелеринин кызматкерлеринин арасында эмдөөнүн 70% дан ашыгы 17 бала бакчанын 16сында ишке ашты, камтуу 83,4% ды түзөт.

Семинарлар студенттерди жана мугалимдерди маалыматтык жана окуу материалдарын таркатуу менен эмдөөнүн маанилүүлүгү менен тааныштыруу жана маалымдоо максатында өткөрүлдү. Катышуучулар адистерден эң актуалдуу маалыматты алып, суроолоруна жооп алышты. Семинардын жыйынтыгында каалоочулар эмделди.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Эмдөө алыңыз, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз.