Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбордун жолдорун реконструкциялоо иштерин улантууда. Учурда 23 көчөдө активдүү оңдоо иштери уланууда.

Жалпы узундугу 15 чакырым болгон 9 көчөдө асфальтбетон төшөлмөсүнүн үстүнкү жана астыңкы катмарын төшөө иштери жүрүп жатат:

- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
- Архитектор көчөсү Киргизская көчөсүнөн Ак-Босого конушунда МЧКга чейин;
- Култегин көчөсү Гидростроитель көчөсүнөн Энесай конушундагы Энесай-20 көчөсүнө чейин;
- Ашар көчөсү Лущихин көчөсүнөн Ак-Өргө конушунун  Өмүр көчөсүнө чейин;
- Кривоносов көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;
- Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Жайыл-Баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсү Каракол көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
- Турусбеков көчөсү- Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин.

Асфальт -бетон аралашмасын төшөө үчүн казуу жана даярдоо иштери жалпы узундугу 7,35 чакырымды түзгөн 9 көчөдө жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, төмөнкү көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгү ачык:

- Новая көчөсү Жеңиш конушундагы  Ленская көчөсүнөн Жеңиш көчөсүнө чейин;
- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин;
- Стадионная көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ынтымак конушундагы Магистраль  көчөсүнө чейин;
- Карасаев көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин.

Төмөнкү көчөлөрдүн тротуарлары курулууда:

"Бишкек шаарынын көчө -жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун  2-фазасы башталгандан бери жалпы узундугу 20,6 чакырым болгон 20 көчөнү реконструкциялоо аяктады. Белгилей кетсек,  майда кемчиликтерди аныктоо жана бөдрөтчү компания тарабынан аларды чукул арада жоюу иштери уланууда.

Эскерте кетсек, "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Долбоордо жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрөнүн курулушу пландалууда.

Жумушту Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчы China Road and Bridge Corporation  компаниясы жүргүзүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден  жол иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранабыз.