Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев "Калыс-Ордо" конушунда көчмө жыйын  өткөрдү.

Жолугушуу Бишкек шаардык кеңешинин  депутаттары Жылдызбек Абдраимов менен Абдыллабек уулу Манастын демилгеси менен өттү. Ага КРнын Коргоо министрлигинин, "Бишкекбашкыархитектура"  мекемесинин, райондук кызматтардын, Калыс-Ордо конушунун тургундары катышты.

Жолугушууда конуштун  борбордук көчөсү боюнча №5 көчөдөн 500 метр узундуктагы айланма жолго чейинки тротуардын курулушун улантуу маселелерин талкуулашты.

Буга байланыштуу, тротуардын курулушунун чек араларын аныктоо үчүн шаардык кызматтарга КРнын Коргоо министрлигинин жер тилкесине керектүү бардык укуктук документтерди берүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, көйгөй тротуардын курулушунун чек араларынын чечилбеген маселеси болуп саналат.