Бишкекте кошумча акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жай уюштурулду.

Эми айдоочулар унааларды төмөнкү көчө бөлүгүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайларга таштай алышат:

- Киев көчөсү Манас проспектисинен Керимбеков көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсү Н.Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Ж.Бөкөнбаев көчөсү Ю.Абрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин.

Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында жайгашкан акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды түзүү, күтүү жана турук мейкиндиктерин өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуунун баасы 25 сомду түзөт. Муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардын иштөө убактысы күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин белгиленет.

Ошондой эле, биздин операторлор "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасынын логотиби бар атайын жилет кийип, атайын төш белгилерин тагынып, төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду беришет.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде унаа токтоочу жайларда операторлор атайын жилеттери жок жана төлөм талонун бербесе, анда Чүй проспектиси, 315 (8 -кабат) дареги боюнча “Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасына видео жана фото фактылар менен кайрылууңуздарды суранабыз. Биздин  электрондук дарек: parkovki@meria.kg.

Биз социалдык түйүндөр аркылуу арыздарды кабыл алабыз: https://www.facebook.com/102097021329567/