"Бишкексууканал" өндүрүштүк -эксплуатациялоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 19 -октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин шаардын айрым аймактарында таза суу токтотулат.

Батыш суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу, ичүүчү суу  турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерде өчүрүлөт.

Сыдыгалиев көчөсү, ЧЧК, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта, ошондой эле, "Кызыл Аскер", 110 –квартал конушу, "Достук" кичи районунда суу болбойт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын таза суу камдап алууларын өтүнөт.