Бишкек шаарынын бардык тургундарын күтөбүз!

Бишкекте 16 жана 17 -октябрда эртең мененки саат 9:00дөн баштап  азык -түлүктөрдү сатуу боюнча салттуу күзгү айыл чарба жарманкелери өз ишин баштайт.

Жарманке шаардын эки районунда өткөрүлөт:

- Октябрь районунда 12 кичи районундагы А.Токомбаев менен Н.Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Биринчи май районунда жарманке И.Раззаков көчөсүнүн боюнда, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, азык -түлүк төмөнкү сунушталган баада сунушталат:
- ундун килограммы 22 сомдон;
- кумшекер 64 сомдон;
- күрүч 55 сомдон;
- тазаланган күн карама майы 131 сомдон;
- эт (уй эти) 440 сомдон;
- канаттуулардын эти 170 сомдон;
- картошка 24 сомдон;
- сабиз 25 сомдон;
- пияз 14 сомдон;
- ак капуста 28 сомдон;
- помидор 30 сомдон;
- бадыраң 30 сомдон;
- сарымсак 180 сомдон;
- алма 30 сомдон;
- тооктун жумурткасы 10 даана 70 сомдон.

Жарманкеде соя азыктарын ата мекендик өндүрүүчүлөр: "Салих ЛТД", "Адал-азык", "Омат", "Ийгиликтүү Чарба", "ЭфарАгро", "Витал Виста", " Ынтымак ", АльфаТрейд, Дельфин Трейдинг, Акун, Яшар Групп, Ай-Зи, Бин Групп, Тазажан, Бал Ширин, БринМаркет",  “Ак Куу”,  “Кант Сүт”,  "РИХА", "Чабрец", "Алайку Органик" жоопкерчилиги чектелген коомдор сатышат.

Жарманкелерди  шаардык муниципалитет жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлиги уюштурууда.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын айыл-чарба азыктарын,  жашылча -жемиштерди, сүт жана эт азыктарын сатып алууга чакырат.