Россия Федерациясынын борборуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Москва өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар боюнча башчысы Сергей Черемин менен жолукту.

Черемин Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин атынан Айбек Джунушалиевди Бишкек шаарынын мэри болуп шайланышы менен куттуктады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле билим берүү, маданият жана турак жай -коммуналдык чарбаны автоматташтыруу, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана интеллектуалдык транспорт системасын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн чоң потенциалдын бар экенин белгилешти.