СЭИ инспекторлору Биринчи май районун текшерүүдө Манас проспектиси №59а дарегиндеги «Русские пироги» дүкөнүнүн кызматкерлери проспектинин тротуар бөлүгүнө тиричилик калдыктарын чогулткандыгы аныкталды.

Бишкек шаарынын СЭИ инспекторлору  тарабынан «Русские пироги» ЖЧКсынын директорунун атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.