Жылытуу мезгили башталганда көмүр менен жылытылган жер үйлөрдүн ээлерине күлдү кайда ыргытуу керек деген суроо жаралат.

Борбор калаанын мэриясы көмүрдүн күлүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы алып кетерин билдирет. Тургундар аны муздатып, каптарга салып, анан негизги таштандылардын жанына таштап коюлары керек.

Ошол эле учурда күлдү таштанды контейнерине таштоого тыюу салынат! Анткени күлдөн өрт пайда болушу мүмкүн.

Эгерде сиз жеке меш менен жылытылган юридикалык уюм болсоңуз,  (мектептер, бала бакчалар, мончолор ж.б.) күлдү тазалоо үчүн атайын жабдуулары жана "Бишкек санитардык полигону" менен келишим түзгөн жеке компанияларга кайрылууну суранабыз.