Борбор калаада "Ош Базары" соода оюн -зоок комплексинин аймагында стихиялуу сооданын алдын алуу жана жоюу боюнча иштер улантылууда.

Бул ишти Ленин акимиаты «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, «Шумкар» атайын бөлүмүнүн, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүүдө.

Рейддин жыйынтыгында  арабалар, чатырлар,  столдор, отургучтар ж.б. алынды.

Ошондой эле, соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары коммерциялык ишмердүүлүктү ишке ашырууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддик иш -чаралар муниципалдык администрация тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди Бишкек шаарында сооданы уюштуруу эрежелерин сактоого чакырат.