Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, 18 -октябрь, дүйшөмбү күнү дагы 30 автобус линияга чыгат.

Автобустар 34, 21 жана 46 -каттамдар боюнча каттайт.

Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен "Эко жүргүнчүлөр ташуу" компаниясы тарабынан иштелип чыкты.

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын талабы боюнча муниципалдык автобустар келгенге чейин, №21 жана №46 автобустук каттамдардын кыймылынын схемаларын "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" жеке компаниясына тейлөө үчүн  өткөрүлүп берилди.

"Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсы төмөнкү багыттар боюнча автобус каттамдарын чыгарат:

- № 21- каттам: Биримдик конушу- Бакай-Ата конушу, 10 автобустун пландуу чыгуусу;

- №46- каттам: Дордой базары- Эне-Сай конушу - Чоң-Арык айылы, 10 автобустун каттамга чыгуусу пландаштырылды;

- 34 -каттам: Шоро фирмасы - Жеңиш  конушу,  каттамга 10 автобустун чыгуусу пландалып жатат.