«IHH в Нидерландах» түрк фонду Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөттү.

Район башчысы Жамалбек Ырсалиев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган менен бирге гуманитардык жардамды таратууга катышты.

Биринчи май районунда жашаган жардамга муктаж 400 үй -бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Шаардыктар керектүү нерселердин баары менен азык -түлүк себеттерин алышты: ун, өсүмдүк майы, күрүч, кант, макарон, буурчак, таттуулар, коюлтулган сүт жана томат пастасы.

Ошол эле күнү турмуштук оор кырдаалга туш болгон 250 балага жылуу кийим түрүндө гуманитардык колдоо көрсөтүлдү.

Биринчи май райондук администрациясы колдоо үчүн  «IHH в Нидерландах» фондуна   чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет!