Мелдеш 25-ноябрдан 26-ноябрга чейин СДЮШОРдун залында өткөрүлүп, калаанын жана Чүй областынын 110 атлетчиси катышат. Мелдеш 13 салмактык категория боюнча өтөт.

Салтанаттуу ачылышын Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов ачып, бардык катышуучуларга ийгиликтерди жана жеӊиштерди каалады.

«Оор атлетика боюнча СДЮШОРдун директору  Улан Молдодосовго ыраазычылык билдирем. Оор атлетика боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионатын ачык деп жарыялайм!»,-деди Абдужалил Юнусов.

Чемпионаттын биринчи күндөгү жыйынтыгы боюнча кыздар арасында Динура Сулайманаова (48 кг чейин), Исмаилова Мукадас (53 кг чейин Токмок шаары), Адылбек к Азиза (58 кг чейин), жана  Асанбек к Акмарал (63 кг чейин) жеӊишке ээ болушту.
Эркектер арасында 50 кг чейинки категорияда 1-орун - Данияр уулу Арслан, 2-орун – Денис Чекасов жана 3-орун – Адиль Турсунбеков ээ болду.

56 кг чейинки категорияда 1-орун Доолот Адылов, 2-орун – Сергей Денисенко жана 3-орун–Таалайбек уулу Арген.

62 кг чейинки категорияда 1-орун Кадырбек Айтбеков, 2-оруну Инсана Абирова жана 3-орун Анарбай уулу Адилет багындырды.

Мелдеш оор атлетиканы жайылтуу, атлет чеберлерин жогорулатуу жана Бишкек курама командасын топтоо максатында өткөрүлүүдө.

Аталган мелдешти Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети жана оор атлетика боюнча СРДЮШОР уюштурду.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда салмактык категориясы 69, 77, 85, 94 кг чейинки жана 94 кг жогорку атлетчилер таймашат.