Балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардын саны жогорулады.

Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан "Гриппке жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга медициналык жардам берүүнү камсыздоо чараларын күчөтүү жөнүндө" буйругу чыгарылган.

Эпидмезгилге карата борбордун бейтапканалары төмөнкү иш сааттары менен ооругандарды кабыл алышат:
- ишемби күнү саат 08.00 дөн 18.00 гө чейин;
- жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин.

Ошондой эле, БҮМБнун дарыгерлери ишемби күндөрү 08.00дөн 14.00гө чейин жана жекшемби күндөрү 14.00дөн 20.00гө чейин Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөттө болушат.

Эске салсак, ушул жылдын май айынан баштап, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, борбордогу үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы дарылоо бөлмөлөрүнүн иштөө убактысы узартылды.

Бейтаптар саат 8:00дөн  20:00гө чейин  тамырга, булчуңга, тери астына ийне саюу процедураларын ала алышат. Процедураларды алуу үчүн дарыгердин мөөр басылган көрсөтмөсү болушу керек.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, бет кап тагынып,  эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуңуздар, өз алдынча дарыланбаңыздар,  ден-соолугуңузду сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыздар.

Дарыгерлер ар дайым сизге керектүү жардамды берүүгө даяр.
Бишкек шаарындагы ҮМБнын иш жүзүндөгү ишеним телефондору жана каттоо номерлери:

Ленин районунун БҮМБ: 0990 888030; 0312 644542
• ҮМБ №2: 0990 888028; 0312 210357
• ҮМБ №11: 0990 888029; 0312 311060
• ҮМБ №12: 0990 888031; 0312 211732
• ҮМБ №13: 0990 888032; 0312 657388
• ҮМБ №17: 0990 888033; 0312 551106

Октябрь районунун БҮМБ: 0990 888036; 0312 570291
• ҮМБ №15: 0990 888015; 0312 426962
• ҮМБ №18: 0990 888035; 0312 568233
• ҮМБ №19: 0990 888019; 0312 571367

Биринчи май районунун БҮМБ: 0990888071; 0312 325232
• ҮМБ №7: 0990 888072; 0312 662044
• ҮМБ №14: 0990 888073; 0312 678274
• ҮМБ №16: 0990 888074; 0312 541309

Свердлов районунун БҮМБ: 0701 103002; 0312 635123
• ҮМБ №4: 0701 103001; 0312 434007
• ҮМБ №8: 0701 103003; 0312 433907
• ҮМБ №9: 0701 103004; 0312 368830
• ҮМБ №10: 0701 103007; 0312 387814