Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев  Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле эки өлкөнүн муниципалитеттеринин деңгээлинде түрдүү тармактардагы кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.

Казакстан Республикасынын элчиси Бишкек шаарынын мэриясына Казакстан Республикасынын маданият күндөрүн Бишкек шаарында өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Нур-Султан шаарындагы Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүндө ар тараптуу жардам көрсөтөрүн белгиледи.

Ошондой эле, тараптар  Бишкек шаарында казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелигин жана Нур-Султан шаарында  кыргыз эпосунун баатыры Манастын айкелин  орнотууну талкуулашты.

Борбор шаардын мэри жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси эки өлкөнүн достук мамилелерин өнүктүрүү жана чыңдоо эки тарап үчүн тең маанилүү экенин белгилеп, мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдирди.