Өрттүн жыйынтыгында Госмельница көчөсү   №1 дарегиндеги барак тибиндеги үйдүн чатыры күйүп кеткен.  

10 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам алган үйбүлөлөр: Госмельница 1-1 дарегинде жашаган 1939-жылы туулган пенсионер Шумаков Владимир Васильевич, Госмельница 1-4 дарегинде жашаган 1970-жылы туулган Овсянникова Татьяна Сергеевна, учурда жумусуз. ЭМЖМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов районунун жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө каттоодо турат. Госмельница 1-2 дарегинде жашаган 1981-жылы туулган Осмонова Нурия Чойкараевна, жумушсуз, ЭМЖМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов районунун жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө каттоодо турат. Госмельница 1-3 дарегинде жашаган 1952-жылы туулган Кончаков  Александр Петрович пенсионер.