Бишкекте массалык тамактан уулангандан кийин «Империя пиццы» кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылат.

Учурда жабыркагандардын жалпы саны 85 адам, 1 адам стационардык дарыланууда, калгандары алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.

Маалымат үчүн: Бишкекте 23-24 -октябрда Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан уулануу белгилери менен 12 адам кайрылган, алардын үчөө балдар.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар «Империя пиццы» кафесинин ар башка пункттарында тамак жешкени аныкталган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл  борборунун адистери эпидемиологиялык иликтөөнү улантууда.