№33- мектеп-гимназиясында Билим берүү башкармалыгы тарабынан даярдалган «Мектеп китепканаларынын эл аралык күнүнө» карата мектеп китепканалары үчүн семинар болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаңы китеп” мекемесинин директору Төлөгөн Аматов, жазуучу Светлана Луговая жана “Байчекей” журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов катышты.
Төлөгөн Аматов кесиптештерин куттуктап, мектеп китепканачыларына арналган ырын тартуулады. Ошондой эле, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге «Жаңы китеп» мекемесинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Светлана Луговая жана Токтосун Самудинов мектеп китепканачыларына өздөрүнүн китептерин белекке беришти.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы да өз кезегинде  китепканачыларга грамоталарды тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле ата мекендин чыгаан таланттары тууралуу “Кыргыздын алтын калеми” жана “Кыргызстандын эл акыны” иш-чараларынын бет ачары болуп, китеп көргөзмөсү жана стенд уюштурулду.

Семинардын аягында №33- мектептин окуучулары чакан концерт тартуулашты.

Маалымдама: Мектеп китепканаларынын эл аралык күнү 1999-жылы ЮНЕСКОнун демилгеси менен мектеп китепканаларынын абалына, алардын адабий фондун калыптандырууга жана толуктоого коомчулуктун көңүлүн буруу максатында негизделген. Бул майрамда китепканалардын муктаждыктары үчүн китеп жыйнактары өткөрүлүп, чыгармалардын авторлору менен жолугушуулар, бет ачарлар, конференциялар, сынактар уюштурулат. Китепканачылар окуучулардын жардамы менен дубал газеталарды даярдап, мектеп бурчтарын жасалгалашат.