Маалымат сайттарынын биринде баш калаанын мэриясы БШКнын ишин токтотууга ниеттенип жатканы тууралуу жана мазмуну коомчулукту адаштырган макала чыкты.

Борбор калаанын мэриясы Бишкек шаардык кеңешине үстүбүздөгү жылдын 28-октябрынан 28-ноябрына чейинки шайлоо алдындагы мезгилде ТҮЗ ЭФИРДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН БШКнын туруктуу  комиссияларынын отурумдарын жана фракцияларынын жыйындарынын  өткөрүүнү токтотуу сунушу менен кайрылган. Бул Жогорку Кеңешке шайлоого катышуучу партиялардын атынан чыккан шаардык кеңештин депутаттарынын сүйлөгөн сөздөрүн шайлоо алдындагы үгүт катары болтурбоо максатында жасалды.

Ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу фактыларын болтурбоо максатында, шаардык бюджетте шайлоочулардын ЖАЗАЛАРЫН аткарууга каралган каражаттарды пайдаланууну токтотуу сунушталган.

Бишкек шаарынын мэриясынын каты кызматтык мүнөздө жазылган жана каттын түп нускасын тиркейбиз. Ошондой эле, мэрия макаланын авторун мэриянын иш кагаздарын кылдаттык менен окууга жана маалыматтарды бурмалоого жол бербөөгө чакырат.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы