Калаада күзгү азыктардын жармаӊкесин өткөрүү салтка айланып калды. Анда жакынкы райондордун фермерлери катышат.

Айыл-чарба азыктарынын жармаӊкесин Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары уюштурууда жана төмөнкү даректерде өткөрүлөт:

Октябрь району – Асанбай кичи району, Нуркамал жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Ленин району – «Жал» кичи району жана Айни – Чапаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Биринчи май району Свердлов району менен биргеликте  - Ибраимов – Жумабек көчөлөрүнүн кесилиши.