Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев менен жолугушуп, Минск автозаводуна барды.

Шаардык муниципалитеттин башчысы А.Жунушалиев  учурда Бишкек газ кыймылдаткычы жана электр энергиясы менен иштеген шаардык коомдук транспортторду сатып алуу зарылчылыгын,  шаардын экологиясын сактоо биринчи кезектеги милдет экендигин белгиледи.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттон тышкары Минск автомобиль заводу чыгарган муниципалдык техника да көрсөтүлдү.

Ошондой эле жумушчу жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун башка маселелери, анын ичинде кызматташтыкты активдештирүү жана түрдүү деңгээлдеги диалогду өнүктүрүү талкууланды.

Минск шаарындагы  дагы бир нече машина куруу ишканаларына баруу пландаштырылууда.

Маалымат үчүн: 2008-жылдын 11-октябрында Бишкек менен Минсктин ортосундагы боордоштук мамилелер боюнча меморандумга кол коюлган.