Бишкек шаарынын мэриясы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү өзүм билемдик менен орнотулган объекттерди алуу иштерин улантууда.

Бирдиктүү  иштин жыйнтыгын Кулатов көчөсүнөн көрсө болот. Ал жакта биздин команда муниципалдык аймакты темир тосмодон бошотту.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Магистраль көчөсүндө өз ыктыяры менен күркө алынды.

Бакаев көчөсү менен  Партизанский чолок көчөсүнүн  кесилишиндеги “Чудо Барчик” кафеси, Купянская,19 жана 19а дарегиндеги  темир тосмо да алынды.

Шаар тургунунун кайрылуусу боюнча ыкчам түрдө Ош базарынын аймагында Киев көчөсүндө тосмо алынды.

Андан тышкары, Дордой конушунда кожоюндар менен түшүндүрмө иштерин өткөргөндөн кийн контейнер өз ыктыяры менен алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз! Өзүңүзгө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!