Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков №18 МАБдын жашоочулары менен жолукту.

Шаардыктар Свердлов районунун санитардык абалы, инфраструктураны өнүктүрүү жана жолдорду асфальттоо  боюнча суроолорду беришти.

Райондун башчысы турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлерине тез аранын ичинде жерлерге чыгып, көйгөйлөрдү белгиленген тартипте чечүү тапшырмасын бериди. Гражданская көчөсүндөгү жолду оңдоо, №9 ҮМБнын аймагын санитардык тазалоо жана техникалык карта түзүү, Саратов көчөсүндөгү №16 жана №17 үйлөрдүн жанына таштанды контейнерлерин жайгаштыруу маселеси, ошондой эле Жибек-Жолу 224 дарегиндеги имараттагы лифттин бузулушун оңдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Шаардыктар менен жолугушуулар уланууда.