Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (БТИК) жана участкалык шайлоо комиссияларына (УШК) көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү.

Штабда ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун даярдоо жана өткөрүү тууралуу уюштуруу маселелери талкууланды.

Райондун башчыларына жана аларга бекитилген шаардык кызматтарга 21-ноябрга чейин шайлоо участкаларын толугу менен материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну толук бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек! Жергиликтүү бюджеттен төлөмдөрдү толук же жарым-жартылай алуучу адамдар (кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери ж.б.у.с.) шайлоо процессине кийлигишүүгө жол бербөө үчүн чектөөлөрдү так сактоого тийиш.

Урматтуу шаардыктар! КРнын “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, КРнын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүшү керек. Эгерде сиз 16 жаштан ашкан болсоңуз же биометрикалык каттоодон өтө элек болсоңуз, биз сизди күтөбүз!

Эске салсак, ар бир кыргызстандык шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшере алат: https://tizme.gov.kg/view/public/

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишеним телефондору: 1255; 0 (312) 660240