Ленин районунун акими Русланбек Тагаев райондук кызматтар менен биргеликте Мурманская көчөсү 1Б дарегиндеги  «Беш-Сары» жана Мурманская 306Б дарегиндеги  Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу «Отун базасы» көмүр базаларын текшерди.

Базаларда көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон сатылууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө базага күн сайын көмүр жеткирилип, ар бир базадан күнүнө 170-180 тоннага жакын көмүр сатылып жатканы аныкталды. Эч кандай ызы-чуу, жыйналган эл жок, кезектин негизинде түзүлгөн тизме боюнча көмүр сатылууда.

Район башчысы отун базаларынын жетекчилери менен калкка көмүрдүн баасын жогорулатпоо  боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.