2021-жылдын 3-ноябрынан 3-декабрына чейин Бишкек шаарынын спорттук базаларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында спорттук жана жеңил атлетика боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.

Олимпиаданын алкагында ОДА жана ЦНС арасында армрестлинг жана стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Спорттук иш-чарага 500дөн ашык спортчулар – өспүрүмдөр жана чоңдор катышууда.

Мелдештин максаты - Бишкек шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын эң күчтүү спортчуларын аныктоо.

Катышууга көрүү, угуу, таяныч-кыймыл аппаратынын жана борбордук нерв системасынын иштеши начарлаган майыптар  катышат.

Спорттук иш-чараны  Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда.