Бүгүн Свердлов районунун аймагында көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча рейд өткөрүлдү.

Иш-чарага Свердлов жана Аламүдүн райондук администрацияларынын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын, СЭИнин, ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышты.

Бул жолу Свердлов районунун Айланма жолдогу базалары текшерилди.

Көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча рейддин жүрүшүндө көмүрдүн баасы жүктөө менен 4500 сомдон, калкка 4400 сомдон ашырууга жол бербөө боюнча көмүр базаларынын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, иш-чаралар КРнын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.