Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине карата Ленин районунун мектептеринде иш-чаралар өтүүдө.

Ленин районунун окуучуларынын жаш курагын эсепке алуу менен мектептерде жана китепканаларда жолугушуулар, китепчелерди жана дубал газеталарын чыгаруу боюнча конкурстар, ачык сабактар, маалымат бурчтары уюштурулган.

Ал эми борборлоштурулган китепканада «Жусуп Абдрахманов» даректүү тасмасын райондун акимиатынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенттери көрүштү.