Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагында санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 119-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «Эмеральд» жана «Кив» ишканаларына айып салынды. Алар казуу иштеринен кийин жакшыртуу жана жолдогу тазалык тартибин сактаган эмес.

Ал эми «Кив» компаниясы Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн ортосундагы жолду оңдоо иштеринен кийин калыбына келтирген эмес. Бул жорук үчүн 119-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 17 миң сом айып төлөөгө тийиш.

Курулуш уюмдарынан шаардын мүлкүнө  аяр  мамиле жасап, оңдоп-түзөө иштеринен соң бузулган жерлерди иретке келтирүүнү суранабыз.

Урматтуу шаардыктар! Таштандыларды таштоо жана башка көрктөндүрүү  эрежелерин бузуу фактылары боюнча Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.