Борбор шаардын жогорку окуу жайларында Ковид-19га каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү жөнүндө окутуучулар жамааты менен студенттердин арасында түшүндүрүү баарлашуусу башталды.

Октябрь  акимиаты, райондун №18 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери Насипа Каракеева менен Гүлзат Койлубаева тарабынан Ишеналы Арабаев атындагы гуманитардык институтунун  студенттерине 200 кишиге "COVIDдин алдын алуу, COVID-19га каршы эмдөө  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Семинарлар студенттерди жана мугалимдерди маалыматтык жана окуу материалдарын таркатуу менен эмдөөнүн маанилүүлүгү менен тааныштыруу жана маалымдоо максатында өткөрүлдү. Катышуучулар адистерден эң актуалдуу маалыматты алып, суроолоруна жооп алышты. Семинардын жыйынтыгында каалоочулар эмделди.
Бүгүнкү күндө Октябрь районунун аймагында Коронавируска  каршы эмдөө
7 жерде жүргүзүлүүдө
-  № 6 БҮМБ (2пункта),  
-№ 15, 18, 19 ҮМБ;
- «ТОММИ» жана
- Технопарк» соода борборунда

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Эмдөө алыңыз, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз.