Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө билим берүү борборунун, БҮМБнун дарыгерлеринин, психологдордун жана социалдык кызматкерлердин, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиянын пландык отуруму болуп өттү.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, балдар арасындагы укук бузуулар, жеке укуктарын коргоо, балдарга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча 18 материал каралды.

Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгында  157 үй-бүлө каттоодо турат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык, Балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлүп турат.

Урматтуу шаардыктар! Балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, борбор калаанын райондорундагы балдарды жана үй-бүлөнү колдоо ишеним телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0 (312) 67-03-86;
- Ленин району: 0 (312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0 (312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0 (312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.