ММКларга атайын формачан кишилер алюминий зымдарын металлга өткөрүп берген видео жарыяланды.

Өз кезегинде «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын  жетекчилиги укук коргоо органдарына кайрылып, алардын кызматкерлеринин видеого жазылып калган мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары башталды.