Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал куттуктоосунда жетим балдарды муниципалдык турак жай менен камсыз кылууда жана бюджеттик каражаттарды шаарга кайтарууга көмөктөшүүдөгү прокурорлордун эмгегин белгиледи.

Кызматтык милдеттерин абийирдүү аткаргандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен төмөндөгүлөрдү сыйлоо чечими кабыл алынды:

Абдазов Автандил Закирович - Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору;
Гулжигитов Бекнур Гулжигитович - Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:
Алчиев Рысбек Карагулович - Бишкек шаарынын прокурору;
Алиева Мээрим Сайфудиновна - Бишкек шаарынын прокуратурасынын улук прокурору;
Бообеков Таалай Качкынбаевич - Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурорунун улук жардамчысы;
Ниязов Эрмек Ирисалиевичке - Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору;
Шаршеев Улан Оңолбекович - Бишкек шаарынын прокуратурасынын улук прокурору.

Борбор калаанын мэриясы прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайт.