«Ас-салам» кайрымдуулук фонду Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылды.

Район башчысы Жамалбек Ырсалиев да 150 муктаж үй-бүлөгө катуу отун (ар бирине 10 каптан көмүр) таратууга катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулаган.

Макулдашуулардын алкагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдү катуу отун менен камсыздоо боюнча планы ишке ашырылууда.