Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясынын тобу шаардын аймагын санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

«Памир Строй» курулуш компаниясынын техникалары жолдун өтүүчү бөлүгүн булгагандыгын аныктадык, анткени алар курулуш аянтчасынан чыга электе дөңгөлөктөрүн инерттик материалдардан тазалашкан эмес. Жолдун жүрүүчү бөлүктүн булганышына жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 119-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык,  ишканага протокол түзүлүп, 23 миң сом айып пул төлөө чечими кабыл алынды.

Курулуш ишканаларынан курулуш объектилеринен чыгаарда унааларын таза кармоону суранабыз.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району: 0554222213.