Быйыл борбор калаада өрт кырсыгы көп катталды. Буга байланыштуу  КРнын ӨКМнин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өрттүн негизги себеби электр жабдууларын, жылытуучу мештерди жана морлорду пайдаланууда эреженин бузулушу, ошондой эле тамекинин калдыктарынын чачырашы болуп саналат. Үстүбүздөгү жылы өрт кырсыгынан 5 адам каза болгон (2020-жылы - 3), жабыркагандар - 8 (2021-жылы - 6).

2021-жылдын тогуз айында Бишкек шаарында 406 өрт кырсыгы катталса, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 313 өрт кырсыгы катталган.

Жыл башынан бери 7 өрт-тактикалык окутуу жана 9 өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү:

- «Ош-Базары» ЖЧК базарында;
- «Кыял» базарындагы кесиптик лицей;
- Элит Строй базарында;
- «Орто-Сай» ЖЧК базарында;
- «Мурас» ЖЧК «Жунхай-Дордой» автотетиктери базарында;
- Ш.Баатыр көчөсүндөгү «Редпетролеум» май куюучу жайында;
- Ш.Баатыр көчөсүндөгү "Роснефть" май куюучу жайда;
- ЖЭБде;
- Аламүдүн базарында;
- Бишкек шаарындагы КРнын  ӨКМнин  аймагындагы окуу мунарасында;
- Иваницин көч., 147 дарегиндеги №27 орто мектепте;
- И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде;
- №64 мектепте.