Борбор калаада "Дилгир" аялдардын волейбол лигасынын расмий жабылыш аземи болуп өттү.

Спорттук иш-чарага Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын шаарларынан 45 команда катышты.

Белгилей кетсек, ай сайын өтүүчү турнирлер жыл башында 18+, 35+ жана 45+ жаш категориялары боюнча өткөрүлгөн. Үч номинация боюнча финалга чыккандар Бишкек шаарынын мэриясы жана КРнын волейбол федерациясы тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

Маалымат үчүн: "Дилгир" – волейбол сүйүүчү аялдардын жамааты. Лиганын алкагында республикалык, облустук жана шаардык масштабдагы чемпионаттар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Негизги миссиясы – аялдардын волейболун массалык спорт, дене тарбия жана сергек жашоо образы катары колдоо, өнүктүрүү жана жайылтуу. Оюнчулардын арасында 6дан ашык балалуу болгон Баатыр энелердин да бар экенин белгилей кетүү керек.