Жал кичи районундагы №72 мектепте 225 окуучулук орунга ылайыкталган бир кошумча корпус ачылды.

Жаңы имаратта керектүү эмеректер менен жабдылган 18 окуу бөлмөсү бар.

Имараттын курулушун Чүй капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүздү.

Салтанаттуу ачылыштан кийин мектептин директору жаңы имарат менен тааныштырды.