Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баңги саясаты боюнча комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга комиссиянын төрагасы Польша Республикасынын экс-президенти Александр Квасиньевский дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардагы баңги саясаты боюнча кырдаалды жана аны реформалоонун илимий жактан негизделген жолдорун талдап, ошондой эле ВИЧ/СПИД, гепатит жана башка вирустук оорулар сыяктуу оорулардын жайылышына каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Вице-мэр каралып жаткан маселелердин актуалдуулугун жана курамында дары-дармек бар препараттар менен иштөө механизми жаатындагы программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, комиссия баңги заттарынын адамдарга жана коомго тийгизген зыянын азайтуунун гумандуу жана эффективдүү жолдорун аң-сезимдүү, илимий жактан негизделген талкууну эл аралык деңгээлге жеткирүү максатында түзүлгөн.