Борбор калаанын мектептеринде “Кыргыз Республикасындагы балдардын климаттык жана табигый кырсык тобокелдигине туруктуулугун жогорулатуу” программасынын алкагында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

№9-мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинде ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Афшан Хан жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маэданын катышуусунда «Коопсуз мектеп» иш-чарасы өткөрүлдү.

ЮНИСЕФтин волонтерлору жана мектептин мугалимдери жетектеген окуучулары табигый кырсыктарга даярдык тууралуу суроолор менен интерактивдүү оюн өткөрүп, коопсуз жүрүм-турумду чагылдыруу үчүн климаттык кырсык учурунда өзгөчө кырдаалдар көрсөтүлдү.

Ошондой эле, №9 мектеп-гимназиясынын окуу комплексинин директору ЮНИСЕФ балдар фондуна мектеп менен кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өсүп келе жаткан муундун сабаттуулугун жана өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү жөндөмдүүлүгүн белгиледи.