Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте борбор калаада COVID-19 илдети жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал жана эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшү талкууланды.

Бишкек шаары боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, интенсивдүү көрсөткүчтөр боюнча борбор калаа жашыл зонада экенин билдирди. Белгилей кетсек, акыркы суткада COVID-19 жана ооруканага түшпөгөн пневмониянын 30 учуру аныкталган.
Муниципалитеттин башчысы COVID-19га каршы эмдөөнүн жай жүрүп жатканын белгилеп, калкты эмдөө процессин тездетүү зарылдыгын билдирди.
Айта кетсек, 23-ноябрга карата шаардыктардын 30% биринчи дозасы менен эмдөөдөн өтсө, 24% толук курсун (эки эмдөө) алышкан. Район  тургундарын эмдөө үчүн 79 убактылуу эмдөө пункттары ишке киргизилген.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачевага жана төрт райондун акимдерине жарандарды эмдөөдөн өткөрүүгө шарт түзүү боюнча тапшырма берилди.

Акимчиликтердин башчыларына ошондой эле кызматтардын, жарандардын арасында COVID-19га каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектиги баса белгиленди.