Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган студенттик илимий-практикалык конференцияда №72 мектеп-гимназиясынын 9-10-11-класстарынын окуучулары баяндама жасашты.
Маанилүү баяндамаларды даярдоо үчүн Гүлнара Жумалиевна окуучулары менен бирге муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарых музейине барышты. Чоң-Арык жана Кыргыз Республикасынын Борбордук архивинда көрүп келишти. Балдарга кызыктуу даярдануу процесси жакты, бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө алып келди.

- 11-класстын окуучусу Макулбеков Абдирашид 1-даражадагы диплом менен сыйланды, «Жусуп Абдрахманов Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген темада баяндама жасады;

- 11-Г классынын окуучусу Акылбеков Денизге сертификат ыйгарылды, ал «Ж.Абдрахмановдун убагындагы темир жолдору» темасында баяндама жасады;

- 11-класстын окуучусу Аламанова Алтынай күбөлүк менен сыйланып, «Ж.Абдрахманов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер» деген темада баяндама жасады;

- Ардак грамота менен 11-классынын окуучусу Келсинбекова Айтегин «Ж.Абдрахманов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер» деген темада доклад жасады;

- «Жусуп Абдрахманов элчи» деген темада 9-класстын окуучусу Кадырбекова Медина сертификат менен сыйланды.

- 10-класстын окуучусу Искандарова Бүбүсара «Жусуп Абдрахмановдун учурундагы саясый абал» деген темада баяндама жасап, грамота менен сыйланды.

Балдарды ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.