КРнын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына ылайык, 24-ноябрда борбор калаада абада катуу РМ 2,5 микробөлүкчөлөрүнүн өлчөмү орточо.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) стандарттарына ылайык, РМ-2,5тин орточо жылдык деңгээли 10 мкг/м3, ал эми суткалык орточо деңгээли 25 мкг/м3 ашпоого тийиш. Азыр Бишкектин айрым райондорунда бөлүкчөлөрдүн саны 9 мкг/м3 ашпайт.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы абанын булганышы боюнча статистикалык маалыматтарды күн сайын берип турат, ошондой эле кызыктарган аймактын булгануу индексин төмөнкү шилтемеден көрө аласыз: http://gov.meteo.kg/?map=7