Бүгүн Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына (БТИК) жана участкалык шайлоо комиссияларына (УШК) көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын 7-жыйыны болуп өттү.

Негизги маселелердин бири болуп жергиликтүү бюджеттен төлөмдөрдү толук же жарым-жартылай алып жаткан кызматкерлердин жана адамдардын (кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери  ж.б.) шайлоо процессинде кийлигишпөө болду.

Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев штабдын жыйынында Ленин районунун кварталдык комитеттеринин төрагаларынын үгүт иштерине кийлигишүүсү тууралуу келип түшкөн ыкчам маалыматты кароонун негизинде:

- Ленин районунун акими Р.Т.Тагаевге эскертүү;

- №80- Ибраева А.А., №79- Аманканов Н.А., №78- Эгембердиев Р.Э., №74- Жапаров К.Ж., №60- Жаманкулова О.Т., №25- Токтамов Н.С.  кварталдык комитеттердин башчыларын ээлеген кызматтарынан токтоосуз бошотууну тапшырды.

Шаар жетекчилиги шайлоодо ачык-айкындуулук принциптерин так сактоого жана камсыз кылууга чакырып, мындай фактыларга токтоосуз түрдө бөгөт коюлары айтылды. Шайлоого даярдык учурунда гана эмес, шайлоодон кийин да даярдык учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, тартиптик чаралар көрүлөт.

Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев шаардык түзүмдөрдүн жетекчилерине алардын жеке жоопкерчилигин, шайлоо мыйзамдарын так сактоону жана кызматкерлердин үгүт иштерине кийлигишпөөсүн дагы бир ирет эскертти.

Ошондой эле материалдык-техникалык камсыздоо жана өрт коопсуздугунун уюштуруу маселелери талкууланды.

Административдик райондордун башчылары жана аларга жүктөлгөн шаардык кызматтар УШКлардын даярдыгы, шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан толук камсыз болушу тууралуу маалымат беришти.

Эскертүү! Жергиликтүү бюджеттен төлөмдөрдү жана/же пособиелерди толук же жарым-жартылай алуучу адамдар (кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери ж.б.) шайлоого кийлигишүүнү болтурбоо боюнча чектөөлөрдү так сактоого милдеттүү.

Урматтуу шаардыктар! “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүшү керек. Эгерде сиз 16 жаштан жогору болуп жана биометрикалык каттоодон өтө элек болсоңуз, биз сизди күтөбүз!

Эске сала кетсек, ар бир кыргызстандык шайлоочулардын тизмесинен өзүн төмөнкү шилтеме боюнча текшере алат:
https://tizme.gov.kg/view/public/