«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчиси Азамат Оморов «Жал» кичи районунда жайгашкан «Аалам строй» турак-жай комплексинде жылуулук берүү маселеси боюнча митинг уюштурган тургундар менен жолукту.

Жетекчи түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, автономдуу откана куруу боюнча сунуштарын айтты.

Комплекстин жанында откана үчүн арналган имарат бар жана аны ишке киргизүү логикага ылайыктуу болмок.

Ал эми жашоочулар талап кылгандай биздин отканаларга кошулуу үчүн, курулуш компаниясы откананы модернизациялоосу керек, бул үчүн алардын уруксат кагаздары жок.

Бул дагы бир аз убакытты жана чоң чыгымдарды талап кылат, откананы модернизациялоого байланыштуу башка абоненттердин жылытуусун өчүрүүгө туура келет.