2021-жылдын 25-ноябрынан тарта КРнын Жогорку Кеңешине шайлоого байланыштуу Бишкектин мектептери аралыктан окутуу форматына өткөнү тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болду.

Борбор калаанын мэриясы шайлоо алдындагы күндөрү бардык билим берүү уюмдары кадимки режимде  иштей турганын билдирет.

2021-жылдын 29-ноябрында шайлоо участкалары жайгашкан мектептерде жана бала бакчаларда борбор калаанын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык буйругуна ылайык, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, сабактар токтотулат.