Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев КРнын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолукту.

Робин Орд-Смит бизнес-акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү жана ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик органдар менен иштөөдө айкындуулукту жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Ал ошондой эле муниципалитеттин жетекчилиги маселелерди чечүүгө комплекстүү мамиле жасап жатканын белгиледи.

Жолугушууда мэр бизнес-акыйкатчы менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну тереңдетүүгө, ошондой эле борбор калаада бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоого даяр экенин билдирди.