Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагында санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Көмүр сатуучу жайларды жана алардын айлана-тегерегинде тазалыкты сактоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тартип бузгандардын арасында Махатма Ганди көчөсүнүн тургуну да бар, ага КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 70-беренеси боюнча 3 миң сомго протокол түзүлдү.

И.Ахунбаев 96 б, К.Тыныстанов 8/1, Айтиев 25, 5 жана 6-кичирайондорунда мектептин жанындагы таштанды жайлардын жанындагы тазалыкты камсыз кылбагандыгы үчүн «Комтранском» ишканасына 91 миң сомго айып салынды.


Ошондой эле, «Чыгыш-5» кичи районундагы «Мечта» дүкөнү жана С.Исмарова менен Э.Жээналиева аттуу шаар тургундары дагы бул берене боюнча жоопкерчиликке тартылышат.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери 112 көмүр сатуучу пункт текшерилип, жалпысынан 24 миң сомго протоколдор түзүлгөн.

Эгерде сиз көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушуна күбө болсоңуз, биз менен төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз:

Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району: 0554222213.