Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев шаар тургундарына салтка айланган жеке кабыл алуу өткөрдү.

Бул жолу Биринчи май районунун 10  тургуну кайрылышкан. Негизинен кайрылуулар материалдык жардам көрсөтүү жана жерди мыйзамдаштыруу боюнча болду.

К.Абдрахманова жер тилкесин мыйзамдаштыруу үчүн кайрылган.
Ал эми С.Жаасинова пенсия алууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Ошондой эле, 6га жакын тургун биринчи учурда керектелүүчү буюмдар менен жардам алуу үчүн кайрылышкан.

Материалдык жардам көрсөтүүнү райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына комиссиянын кезектеги отурумунда кароо тапшырылып, ал эми  жер маселеси боюнча документтерди акимиаттын компетенциясынын чегинде алууга көмөктөшөт.

Урматтуу Биринчи май районунун тургундары! Аким Жамалбек Ырсалиев шаршемби күндөрү тургундарды кабыл алса, дүйшөмбү күнү акимдин биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков, шейшемби күндөрү акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Аида Рысбаева, бейшемби күндөрү аппарат жетекчиси Чыңгыз Байсов жеке кабыл алуу өткөрүшөт.

0 (312) 32-51-60 телефону аркылуу алдын ала жазылып, толук маалымат алсаңыз болот.